Биз социалдык тармакта

БШК: "Бир дарекке 10дон ашык адамды каттоодо укук коргоо органдарына кабар берилет"

Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча республикалык штабдын отуруму өттү. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган комиссиянын төрайымы Нуржан Шайлдабекова шайлоочулардын тизмесин түзүү менен байланышкан коррупциялык тобокелдиктердин алдын алуу боюнча БШК тарабынан көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө айтып берди.

"Жаңы эреже боюнча, эгер бир дарек менен 10дон ашык адам катталса анда Мамлекеттик каттоо кызматына, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, укук коргоо органдарына кабар берилет. Алар бул фактыга жооп бериши керек болот. Ыкчам жооп кайтаруу боюнча координациялык топтор жеринде иштешет", - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Asmat84
2021-03-05 02:26:19
Түшүнбөдүм... Мисалы мен айылда учотум өз алдымча үй салып бөлүнө элекмин, ошондой эле бир туугандарым бар ата энем бар бир үйдө бир учоттобуз эмне кылышыбыз керек болот. Бундай көйгөй бир эле менде болбосо керек кызык...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан