Президент Садыр Жапаров "Ишкердик субъекттерин коргоо боюнча кошумча чаралар жөнүндө" жарлыкка кол койду.
Чарбакер субъекттердин чарбачылык ишин жана бизнес-түзүмдөрдү текшерүүдө укук коргоо органдарынын укукка жат аракеттери тууралуу түшүп жаткан даттанууларга, ошондой эле ыйгарым укуктуу органдардын ишкердик субъекттеринин ишине негизсиз жана ашыкча кийлигишүүлөрүн токтотуу жөнүндө өтүнүчтөргө байланыштуу, бизнести өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, инвестициялык климатты жакшыртуу, ишкердик субъекттердин экономикалык ишине колдоо көрсөтүү, аларды укуктук жактан коргоону камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесин жетекчиликке алып, токтом кылынат:
- Ишкердик субъекттерин текшерүүгө укугу бар бардык ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар өкмөттүн 2018-жылдын 17-декабрындагы № 586 "Ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүүгө убактылуу тыюу салуу (мораторий) жөнүндө" жана 2020-жылдын 11-декабрындагы № 602 "Ишкердик субъекттерди укук коргоо органдарынын текшерүүсүнө тыюу салуу жөнүндө" токтомдорунда каралган чектөөлөрдү кынтыксыз сактасын.
- Укук коргоо органдарына жарандык-административдик тартипте чечиле турган жана жарандык, экономикалык иштер боюнча соттордо каралуучу экономикалык кылмыштар боюнча жазык иштерин козгоону жана тергөөнү токтото туруу сунушталсын.
- Башкы прокуратурага, Ички иштер министрлигине, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине, Экономика жана финансы министрлигине караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматына, Экономика жана финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматына төмөнкүлөр сунушталсын:
- Укук коргоо органдары тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүлөргө президенттин 2016-жылдын 15-мартындагы № 58 "Ишкердик субъекттеринин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иштерин укук коргоо жана салык органдары тарабынан текшерүүдө аларды укуктук коргоо боюнча кошумча чаралар жөнүндө" жарлыгында каралган учурларда жана тартипте жол берилиши мүмкүн деп белгиленсин.
- Башкы прокуратура президенттин жогоруда аталган жарлыгынын аткарылышын камсыз кылуу боюнча ишти активдештирсин жана анын аткарылышы жөнүндө маалыматты ай сайын Коопсуздук кеңешинин катчылыгына берип турсун.
- Өкмөткө Башкы прокуратура менен өз ара аракеттенип, төмөнкүлөрдү болтурбоо жолу менен ишкерлердин жана инвесторлордун укуктарын укук коргоо органдарынын мыйзамсыз жана негизсиз аракеттеринен коргоону караган тиешелүү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду (түзөтүүлөрдү) жазык жана жазык-процесстик мыйзамдарга киргизүү жөнүндө маселени карап чыгуу сунушталсын.