Бишкек шаарында ири алдамчылыкка шектүү кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 16-январь күнү И.Э. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда 2020-жылдын июль айында Ж. аттуу жаран арыз ээсинин ишенимине кирип, баасы 27 миң доллар турган Лексус-570 үлгүсүндөгү унаасын сентябрь айына чейин төлөп берем деп алып, убадасын аткарбай качып кеткенин жазган.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине, 204-берене "уурулук" боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
Издөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектелип 1982-жылы туулган Ж.О. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда кармалган жарандын башка кылмыш фактыларына тиешеси бар жоктугу аныкталып жатканын кошумчалашты.