Биз социалдык тармакта

Министрлик беш бармак, милиция кош майрам өткөргөн дейт... Аксыдагы уулануу. Бирок алар палоо жешип, жарыштан утуп чыгуу каалоосун айтышкан

Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Кара-Суу айылында ууланып 6 адам каза болсо, дагы бир жаран оор абалда жатканы кабарланган. Бүгүн, 5-мартка карата дагы 9 адам ооруканага жаткырылды.

Ал эми SUPER.KG порталынын "Элдик кабар" бөлүмүнө 2-мартта уулангандардын чай үстүндө отурган видеосу келип түштү. Анда Жалал-Абад ОИИБи айткан 23-февраль менен 8-март майрамы эмес, алар "жарыштан утуп чыгыңыз" деп каалоо айтып жатканын көрүүгө болот. Ошондой эле Саламаттыкты сактоо министрлиги айткан беш бармак эмес, палоо жеп жатышканын көрүүгө болот.

SUPER.KG порталы бул тасмада каза болгон адамдар бар болгондугу үчүн тасманы жарыялаган жок, бирок далил катары архивинде сакталат.

Айыл тургундары уулангандар спиртти сууга аралаштырып ичишкенден улам ууланганын айтышууда. Ал эми экспертизанын жыйынтыгы бүгүн, 5-мартта чыгат, тургундар эмнеден ууланганы так айтылмакчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
bond02
2021-03-05 10:28:21
Вот ошо аламан байгеден дегени шайлоодон утуп чыгын же жарыштан утуп чыгын деген соз да.
+1
Kadyrova_
2021-03-05 16:04:17
Аиий кайран кыргыз качан онолоор экенбиз .Ачка калгансыбай жоон эле олтурушса болмокда биз кыргыздар онолоорубузга көзүм жетпей калды.набарот чайга чыкырып акча бергендерди кыргызстандан кууп чыгыш керек,карапайым калк арасынан иштейм деп таланты бар таанышы жок ошончо кыргыз жигитери жүрөт шайлагыла ошолорду арамдардын арам тамактарын жеп кырылбай.укан кулакада уят нерсе.бул спирт ичимдиги спирт эмес гум помошко келген антисептиктерда бул антисептиктер вирусту өлтүрөт деп берсе биз өзүбүздү өлт
-1
abusait
2021-03-05 21:01:42
Kadyrova_,антиш керек мынтиш керек деп эле акылдуу болосунарда. Кай жака кууп чыгасын? Акын жок кууганга. Тергей турган тергоочулор соттой турган соттор бар. Ошолордун айтканындай Гана болот.
0
Kadyrova_
2021-03-05 16:06:15
өлтүрүп жатабыз.шермендечилик ушул иштин башындада чондор турат.Каргыш тийсин ушул антисептикти саткандарга.сөз жок кыскасы.ыйлагын келет.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан