АКШ бийлиги криминалдык авторитет Камчы Көлбаев жөнүндө маалымат бергендерге сыйлык катары 5 миллион долларга чейин төлөөгө даяр. Бул тууралуу АКШнын Мамлекеттик департаменти билдирүү жасаган.
"Мамлекеттик департамент Камчы Көлбаевдин камакка алынышына жана соттолушуна, ошондой эле Көлбаевдин кылмыштуу уюмунун каржылык механизмдеринин бузулушуна алып келген маалымат үчүн 5 миллион долларга чейин сый акынын жогорулагандыгын жарыялайт", - деп жазылат билдирүүдө.
Эске салсак, крим авторитет Камчы Көлбаев 2020-жылдын 22-октябрында кармалган. Ал 23-октябрда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун чечими менен тергөө амалдары жүрүп жаткан учурда УКМКнын СИЗОсуна киргизилген.
Ага карата "кылмыштуу уюмду түзүү же ага катышуу" беренеси менен кылмыш иши козголуп, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Кийин, 2-ноябрда №47 абакка которулган. 2-мартта ал эч жакка чыкпоо тил катынын негизинде эркиндикке чыккан. Мындан улам АКШнын Кыргыз өлкөсүндөгү элчиси Дональд Лу Көлбаевдин эркиндикке чыкканына тынчсызданып жатканын билдирген.