1400 доллар турган кол саатын сатып берем деп убада кылган. Бишкекте алдамчылыкка шектелген жаран кармалды

Бишкек шаарында алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Ленин РИИБинин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 27-февраль күнү Ленин РИИБине Б.Э. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда Д. аттуу чала таанышы 2020-жылдын декабрь айында арыз ээсинин ишенимине кирип, кол саатын сатууга жардам берем деп баасы 1 миң 400 доллар турган "Montblanc" үлгүсүндөгү саатын ээлеп алып, убадасын аткарбай качып кеткенин жазган.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктадын бирдиктүү реестрине 204-берене "алдамчылык" боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Издөө иштеринин натыйжасында, кылмышка шектелип 1983-жылы туулган Ф.Д. аттуу жаран кармалып, СИЗО-1ге бир айга камакка алынган. Учурда тергөө иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан