Жер-Үй алтын кенинде массалык мушташ болдубу? Милициянын жообу

Кечээ, 4-март күнү Фейсбук социалдык түйүнүндө "Эл Байлыгы-бийлиги Коомдук Уюму" группасына Жер-Үйдө массалык мушташ орун алды деген маалымат жарыяланган.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталы Талас ОИИБине байланышканда төмөнкүлөрдү билдиришти.

"Социалдык тармактарга тараган маалыматка караганда, Жер-Үй алтын кенинде жергиликтүү эл менен Алтын Альянс компаниясынын өкүлдөрү Самат Толубаев, Насирдин Алымсейитовдун катышуусунда мушташ болуп, жергиликтүү тургун сабалган. Мушташты Самат Толубаев жана аны коштогон Насирдин Алымсейитов баштаганы айтылып, жергиликтүү тургундун баш мээси чайкалып, түрдүү жаракат алганы жазылган.

Бул маалымат Талас РИИБинин электрондук маалымат каттоо журналына каттоого алынды.

Маалыматта аты аталган жарандар тарабынан милицияга арыз даттануу менен эч ким кайрылган эмес. Окуянын канчалык деңгээлде чындыгы бар экендигин иликтөөлөр көргөзөт. Ички иштер органдары тарабынан текшерүүгө алынды. Текшерүү иштери мыйзамдын негизинде жүргүзүлөт. Аталган фактыны объективдүү териштирүү максатында бардык тиешелүү иш-аракеттер аткарылат. Кошумча маалыматтар берилет", - деп билдиришти Талас ОИИБинин маалымат кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан