Бир сутка ичинде өлкө боюнча 1 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу республикалык штабдан кабарлашты.
Илдетти жуктурган медицина кызматкери Бишкек шаарынын тургуну болгон.
Ал эми бир суткада стационардан 0, үй карантининен 4 медкызматкер чыгарылган.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медицина кызматкерлер арасында – 4 миң 206 учур катталса, алардын ичинен 4 миң 194 медкызматкер сакайган.