"Өз милдеттерин толук аткарбай, жазалоочу гана орган болуп калды". Премьер-министр Финполду жоюу тууралуу буйрук чыгарды

Өкмөткө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы жоюлду. Тиешелүү жарлыкка премьер-министр Улукбек Марипов кол койгонун өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

"Расмий маалыматтарга ылайык, көмүскө экономиканын деңгээли 130 миллиард сомду же ички дүң продукциянын 23,6 пайызын түзөт. Ал эми көз карандысыз эксперттер белгилегендей көмүскө экономиканын көлөмү 24 пайыздан 43 пайызга чейин жетет. Бул Финполдун милдеттеринин толук аткарылбай жаткандыгынан кабар берет.

Мындан сырткары көз карандысыз эксперттер жана бизнес коомчулугунун өкүлдөрү тарабынан Каржы полициясынын ишмердүүлүгүнө нааразычылыктар айтылып, аталган мекеменин коррупциялашкандыгы жана жеке ишкерлердин ишмердүүлүгүнө мыйзамсыз кийлигишүүлөр болуп жаткандыгы айтылууда", - деп жазылат маалыматта.

"Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү тармагындагы ыйгарым укуктуу органдар" тууралуу мыйзамдын 3-статьясына ылайык, Каржы полициясынын милдети өлкөнүн экономикалык коопсуздугун камсыз кылуу, божомолдоо жана алдын алуу болуп саналат. Бирок бүгүнкү күндө Финпол жогорку саналган милдеттерин аткарбай, бир гана жазалоочу орган болуп калды", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
KGZ-RUS
2021-03-05 11:42:09
Мен президент болдум силерге ак жол с.Садыр Жапаров
+7
Aibek_eka
2021-03-05 11:47:22
Буга эмне дейсинер Садыр Жапаровтун фанаттары туура иш алып баралбай жатат Жапаров
+8
zam81
2021-03-05 12:07:07
Каалашынча жей бер эчким жазалабайт дегениби
+11
JaneEr
2021-03-05 12:34:30
Мариповду айдаш керек@
0
Chungyz
2021-03-05 12:44:33
Иштебенген органдар озунорэле жоюлуп таркап кеткиле ушинтип уят болбой
0
Apyn8793
2021-03-05 13:17:18
Жеп жутарларды кустура баштаганда жоюп тынышты. Марипов депутаттардын, чиновниктердин кишиси. Финполду УКМКнын алдына киргизиш керек болчу, себеби экоо тен олко коопсуздугун камсыздашчу.
+9
Simels
2021-03-05 13:22:15
Финпол коррупцияга баткан, бир эле кызматкери 60 млрд сом чыгарып кеткен экен. Калган билинбей жатканы канча
+8
al-abu-kinesz
2021-03-05 14:08:39
Олкодогу бардык нерсени эле С.Жапаров чечпейт. Депутаттар ич ара биригип ушундай сунушту премьерге киргизишти, ал эми премьер озунун туздаштарына кантип жок демек эле.
Буга жол бербоо керек, Жапаровго кайрылуу жасашыбыз керек!!
0
modem4999
2021-03-05 16:54:48
al-abu-kinesz,жаса да
+2
futboler
2021-03-05 15:47:25
Анан не жепжутарлардын башынан сылаш керек беле? Азаматсыңар деп. Жакынкы кылымдарда коррупция менен күрөшө албайт окшойбуз.
-2
Omyke
2021-03-05 16:17:02
Эл койду эле Ошол Жапаровду Быкшып тутоп жаткан отту аллолонткондордун Бир Джапыкеев эле Финпол Оз ишин аткарып узурун бере башталган эле,Эми митинг болсо катуу болот бул иштин акыры жаман.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан