Кыргыз өлкөсүнө 588 баш мал мыйзамсыз алып кирүүгө аракет кылгандар аныкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кыргыз-казак мамлекеттик чек арасында жайгашкан көзөмөл-өткөрмө пункттарына жакын жердеги товарларды эсепке алуу пункттарында ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден ири мүйүздүү малды жана майда мүйүздүү малды тийиштүү уруксат берүүчү документтерсиз ташуу фактысы аныкталды.
"Бир аптанын ичинде Кыргыз өлкөсүнүн аймагына 474 ири мүйүздүү малды жана 114 майда мүйүздүү малды мыйзамсыз ташуу аракети аныкталды. Импорттоочуларда товарды ташып келүүгө коштоочу документтери жана салыктык каттоо жөнүндө салык органынын маалымкаты жок болгон. Бузуу фактылары боюнча материалдар мыйзамга ылайык чараларды көрүү үчүн мобилдик топко өткөрүп берилди", - деп жазылат маалыматта.