Биз социалдык тармакта

"Ак калпак кийгендерди кыргыз деп бил". Ошто "Улуттук кийимдер" жөө жүрүшү өттү

Бүгүн, 5-март - Ак калпак күнүнө карата Ош шаарында "Улуттук кийимдер" жөө жүрүшү өттү. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, аталган иш-чарага Ош шаарынын жаштар иштери боюнча комитетинин башчысы Изатбек Берхмаматов баштаган 1500 активдүү жаштар, улуттук кийимчен апалар жана кыз-келиндер катышты.
"Жөө жүрүштүн катышуучулары борбордук аянттан тарта улуттук драма театрына чейин улуттук баалуулуктарды даңазалаган, патриоттук чакырыктар менен басышты.
Салтанаттуу иш-чара Султан Ибраимов атындагы улуттук драма театрындагы концерттик программа менен уланды", - деп жазылат маалыматта.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Belek1710
2021-03-05 16:48:05
Бир сулуу көрүнөт го, элечек кийген кыз.
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан