"Унаа" мамлекеттик мекемесинде Орусиядан унааларды алып келүүдө документтерди жасалмалоо фактылары аныкталды

Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы "Унаа" мамлекеттик мекемесинин бир катар бөлүмдөрүндө Орусиядан автоунааларды алып келүүдө документтерди жасалмалоо фактылары аныкталды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Тез арада текшерүүнү талап кылган маалыматтын келип түшкөндүгүнө байланыштуу материалдык далилдерди табуу максатында ИИМдин криминалдык милиция кызматынын аймактар аралык башкармалыгынын кызматкерлери ыкчам иликтөө иш-чараларын жүргүздү.

"Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарынын аймагына Деу-Нексия, ВАЗ жана башка үлгүдөгү унаалар Орусия Федерациясынан алып келингендиги жана алар жасалма документтерди колдонуу менен мыйзамдаштырылгандыгы жөнүндө маалымат келип түшкөн. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Ички иштер министрлигинин тергөө кызматы ушул жылдын февраль айында сотко чейинки тергөө ишин баштаган.

Ыкчам кызматкерлери тарабынан сотко чейинки тергөө иш-чараларынын алкагында соттун токтомунун негизинде "Унаа" мамлекеттик мекемесинин бир нече бөлүмдөрүндө кээ бир иш кагаздардын түп нускалары алынды. Тактап айтканда, транспорттук каттоого байланыштуу документтердин текшерилүүсү "Унаа" мамлекеттик мекемесинин Жалал-Абад жана Баткен облустук башкармалыгында жүргүзүлдү. Сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө аталган мекемелерде мыйзамсыз иш-аракеттердин фактылары аныкталды.

Унааларды каттоодо документтерди жасалмалоо фактысы боюнча мындан аркы иш-чаралардын жүрүшүндө, жогоруда аталган “Унаа” мамлекеттик мекемесинин Жалал-Абад жана Баткен облустук башкармалыктарынын бир катар кызматкерлери тергөө кызматына сурак беришти. Бул иш боюнча сотко чейинки тергөө амалдары жүрүп жатат", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан