Биз социалдык тармакта

Шашылыш билдирүү! Ашууларда кар көчкү түшүүсү күтүлөт

6-марттан 9-мартка чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Ага ылайык, Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарында (Чүй облусу, Жайыл району, Төө-Ашуу ашуусу), 198-265-чакырымдарында (Жалал-Абад облусу, Токтогул району, Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Суусамыр-Талас-Тараз унаа жолунун 1-14-чакырымдарында (Талас облусу, Талас району,Өтмөк ашуусу), Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 74-115-чакырымдарында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт.

Ошондой эле Ала-Бука-Жаңыбазар-Киров унаа жолунун 68-101-чакырымдарында (Жалал-Абад облусу, Чаткал району, Чапчыма ашуусу), Красная Горка-Ак-Таш унаа жолунун 1-4-чакырымдарында жана Казарман-Актал-Чат унаа жолунун 42-44-чакырымдарында (Жалал-Абад облусу, Тогуз-Торо району, Ийри-Суу тилкеси), 67-93-чакырымдарында (Жалал-Абад облусу, Тогуз-Торо району, Кара-Гөө ашуусу) кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт. Жолдор тайгак болуп, муз тоңот.

Унаалардын ортосунда 500 метр аралык сакталышы зарыл.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан