Өзбекстанга өтүп кеткен Кыргыз жаранынын майда мүйүздүү мал-жандыгы кайтарып берилди. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан кабарлашты.
"Кечээ, 4-мартта Ала-Бука районундагы Жаңы-Шаар айылынын И.М. аттуу тургуну жайыт учурунда Өзбекстандын аймагына өтүп кеткен майда мүйүздүү малын кайтарып берүү өтүнүчү менен кайрылган. Чек ара өкүлдөрү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, натыйжада 65 баш майда мал Кыргыз жаранына кайтарылды", - деп жазылат билдирүүдө.
Малдын ээсине түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, ага Мамлекеттик чек арага жакын жерде мал жаюунун жол-жобосу боюнча талаптар айтылган.