Биз социалдык тармакта

Бишкекте жолдорду оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу бир канча көчөлөрдө жол кыймылына чектөө киргизилет

Кытай Эл Республикасынын грантына жолдорду оңдоо иштери 15-мартта улантылат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолдорду оңдоо, калыбына келтирүү иштерине байланыштуу 15-марттан баштап 14 жол участогунда кыймылга чектөөлөр киргизилет. Алар:

  • Каркыра көчөсү Гагарин көчөсүнөн Ак-Ордо конушунун Ак-Ордо көчөсүнө чейин;
  • Түгөлбй ата көчөсү Ибримов көчөсүнөн Орозбеков көчөсүнө чейин;
  • Айбийке көчөсү Гагарин көчөсүнөн Ак-Ордо конушунун темир жол өтмөгүнө чейин
  • Ажыбек баатыр көчөсү Жунусалиев көчөсүнөн Арча-Бешик конушундагы Масалиев көчөсүнө чейин;
  • Жунусалиев көчөсү Абдрахманов көчөсүнөн Арча-Бешик конушунун Масалиев көчөсүнө чейин;
  • Стадион көчөсү Абдрахманов көчөсүнөн Ынтымак конушунун Магистрал көчөсүнө чейин;
  • Көкчөтай көчөсү М.Ганди көчөсүнөн Т.Молдо көчөсүнө чейин;
  • Новая көчөсү Ленская көчөсүнөн - Жеңиш конушунун Жеңиш көчөсүнө чейин;
  • Койбагаров көчөсү Ж.Пудовкин көчөсүнөн Каралаев көчөсүнө чейин;
  • Будённый көчөсү Чүй кең көчөсүнөн Жибек Жолу көчөсүнө чейин;
  • Огонбаев көчөсү Ибраимов көчөсүнөн Осмонкул көчөсүнө чейин;
  • Фере көчөсү Тоголок Молдо көчөсүнөн Курманжан Датка көчөсүнө чейин;
  • Ташкент көчөсү Турусбеков көчөсүнөн Тоголок Молдо көчөсүнө чейин;
  • Сухе-Батор көчөсү Каралаев көчөсүнөн Шабдан Баатыр көчөсүнө чейин.

Эскерте кетсек, Бишкек шаарынын жол тармагын өнүктүрүү долбоорунун экинчи этабы эки жылга эсептелген. Бул убакыт аралыгында 5 көпүрөнү куруу жана жалпы узундугу 70 чакырымдан ашык 60 көчөнү оңдоо пландалууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан