Чүйдө унаа айдап качып кеткен 19 жаштагы бала Нарындан кармалды

Чүй облусуна караштуу Сокулук районунан унаа айдап качып кеткен жаран Нарын облусунан кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 3-март күнү Сокулук РИИБине жергиликтүү Р.Р. аттуу тургун арыз менен кайрылган. Анда ошол эле күнү болжол менен саат 10:00дө үйүнүн жанында токтоп турган Хонда-Фит үлгүсүндөгү унаасын белгисиз бирөөлөр айдап кеткенин билдирген.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 206-берене "автотранспорт каражаттарын айдай качуу" боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

"Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн издөө иш-чараларынын негизинде, шектүү жарандын жүргөн жери такталып, Нарын облусунан уурдалган унаа менен жүргөн жеринен 2002-жылы туулган А.Э. аттуу жаран кармалган. Териштирүү учурунда шектүү жанындагы ачкычтары менен жогорудагы унааны ачып алып, аны айдап Нарын облусу тарапка кетип калганы маалым болгон. Учурда унаа ээсине кайтарып берилди", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Belek1710
2021-03-05 16:45:31
Уурдап качып кеттиби же айдап качтыбы
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан