Акыркы күндөрү социалдык тармактарда таш, кыш жана башка оор жүк ташуучу унаалар жол коопсуздук эрежелерин толук сактабай коркунуч туудурган видео материалдар көп катталууда.
Ага ылайык, милициянын кайгуул кызматкерлери оор жүк ташыган унаалардын айдоочуларына жеринен барып, түшүндүрүү жана эскертүү иш-чараларын жүргүзүп, төмөнкү эрежелердин эске алынуусун эскертишти.
1) Ташылган жүктүн салмагы өндүрүүчү тарабынан ушул унаа үчүн белгиленген нормадан ашпашы керек;
2) Унаа ордунан жылганга чейин жана кыймыл учурунда айдоочу жүктүн кыймылына тоскоол болуп, түшүп кетпеши үчүн анын жайгашышын, бекитилишин жана абалын көзөмөлдөөгө милдеттүү;
3) Жүктөлгөн жүк башкарууну татаалдаштырбайт жана унаанын туруктуулугун бузбоого тийиш;
4) Жүктөлгөн жүк тышкы жарык берүүчү шаймандарды жана чагылдыргычтарды, каттоо жана идентификация белгилерин жаап калбашы шарт. Ошондой эле кол сигналдарын кабыл алууга тоскоол болбоосу керек;
5) Ызы-чуу жаратпоосу, чаң чыгарбоосу, жолду жана айлана-чөйрөнү булгабоосу шарт;
6) Ал эми түнкүсүн алдыңкы жакта - фонарь же ак түстөгү чагылдыргыч, арткы жакта кызыл түстөгү фонарь же чагылдыргыч болуусу шарт.
Милициянын кайгуул кызматы жогорудагы жүк ташуу эрежелерин бузган учурда бузуулар тууралуу кодексине ылайык, 3 миң сом өлчөмүндө айып салынарын эскертишет.