UFC президенти: "Хабиб Нурмагомедовдун кайтып келүүгө дагы да мүмкүнчүлүгү бар"

UFC уюмунун чемпиону, атактуу орусиялык мушкер Хабиб Нурмагомедовдун карьерасын улантууга дагы да мүмкүнчүлүгү бар. Бул тууралуу аталган уюмдун президенти Дана Уайт маалымат жыйын учурунда айткан.

"Жеңил салмактагы мушкерлердин рейтингинде 1-орундан 9-орунга чейин турган мушкерлердин мыкты беттештери болушу мүмкүн. Эми күтө туралы, ушул беттештердин айрымдары кандай болуп жатканын карап көрөлү, ошондо баш байге үчүн ким беттешери белгилүү болот.

Эгер Хабиб кызыкдар болсо, ал беттештердин бирин кабыл алат. Анын кайтып келүүсүнө дагы деле мүмкүнчүлүк бар деп ойлойм. Мен кырдаалды ушундай көрүп жатам. Ага эшик дагы деле ачык", - деген Уайт.

24-октябрда Абу-Даби шаарына жакын Яс аралында өткөн UFC 254 турниринде Хабиб Нурмагомедов америкалык мушкер Жастин Гэйтжини муунтуу ыкмасы менен утуп (29-0), карьерасын жыйынтыктап жатканын жар салган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Asmat84
2021-03-06 19:40:57
UFC президенти деле акча үчүн Хабибти алып келе албай ар нерсе болуп атат
+1
Bolotbek9191
2021-03-07 08:23:13
Оа АК учун Хабиб юфсге чон акча алып келиши анык
-1
Nina.alex
2021-03-08 20:16:02
Хабиб пиарщик
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан