Бишкектин криминалдык милиция кызматкерлери тоноого шектелген адамды кармады. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Ушул жылдын 18-февраль күнү саат 16:00дө шаар тургуну Дэн Сяопин кең көчөсү менен Интергельпо көчөсүнүн кесилишинде маршруттук таксиде физикалык күч колдонуп, жабырлануучунун 10 миң сом акчасын алып, белгисиз тарапка из жашырган.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Шектүү катары 1984-жылы туулган Н.А. аттуу жаран кармалып, Ленин РИИБине жеткирилген. Шектүү тергөөчүнүн бөлмөсүндө өзүн агрессивдүү алып, уят сөздөрдү сүйлөп, тергөөчүнүн столун жана компьютерин талкалаган. Буга өзүнчө иш козголгон.
Шектүүнүн баш коргоо чарасын Ленин райондук соту карап, аны үй камагына чыгарган.