УКМК: "Мүлктү ыйгарып алуу фактысы менен мамлекеттик эки кызматкер кармалды"

Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу боюнча Каракол шаардык кеңешинин депутаты менен Транспорт жана жол министрлигине караштуу жол чарба департаментинин аймактык бөлүмүнүн башчысы кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 5-мартында УКМК ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Каракол шаардык кеңешинин депутаты Ч.Т.Ч. менен Транспорт жана жол министрлигине караштуу жол чарба департаментинин №4 аймактык бөлүмүнүн башчысы К.К.У. кармалды.

Каракол шаардык кеңешинин депутаты Ч.Т.Ч., 2015-жылдан 2020-жылга чейинки мезгилде "Дорстройсервис" ЖЧКсынын негиздөөчүсү болгон учурунда кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу менен, КР Транспорт жана жол министрлигине караштуу жол чарба департаментинин №4 аймактык бөлүмүнүн башчысы К.К.У. менен жең учунан сүйлөшүп алышып, аталган ЖЧК тарабынан Каракол шаарынын жол тармагын оңдоо иштеринин ашыкча көлөмүн аткаруу үчүн келишимдерди түзүшкөн.

Кармалган адамдар Каракол ШИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда УКМК тарабынан мамлекетке келтирилген зыяндын көлөмүн аныктоо жана ошондой эле аталган фактыларга башка кызмат адамдарынын тиешеси бардыгы боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
stal.ks
2021-03-05 23:35:09
Жолдорубуз ошон учун онолбойтда ушундай жегичтерден улам
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан