2021-жыл башына карата Кыргыз Республикасында аялдардын саны 3,3 миллион адамды түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.
Маалыматка ылайык, аялдардын саны эркектердин санына салыштырмалуу 50,4 пайыз көбүрөөк. "Республиканын аялдарынын үчтөн экиси 64 пайызы айыл тургундары болуп келет. Муну менен бирге, ар бир бешинчи аял Жалал-Абад же Ош облустарында, ал эми ар бир алтынчы аял - Бишкек шаарында жашайт. Ошол эле учурда төрөлүү жогору болгон аймактарда - Ош жана Жалал-Абад облустарында эркектердин саны, тескерисинче, аялдардын санынан ашып түшөт", - деп жазылат маалыматта.