Биз социалдык тармакта

"Банан жебей сабиз жегиле". Премьер-министр базар кыдырып, баалар менен таанышты

Премьер-министр Улукбек Марипов Бишкекте өтүп жаткан айыл чарба жарманкесин кыдырып, баалар менен таанышты.

Марипов шаар тургундары менен маектешип, алардын көйгөйлөрүн укту. Тургундар өкмөт башчыга тамак-аш продукцияларына болгон баалардын күн санап өсүшү тынчсыздандырып жатканын айтышты.

"Өсүмдүк майы жана кумшекер өндүрүүчүлөр менен түз келишим түзүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Бул жеке менин көзөмөлүмдө. Мындан сырткары эт азыктарынын баасын көзөмөлгө салуу боюнча да иштер аткарылып жатат. Бизде сатылып жаткан товарлардын 85 пайызы чет өлкөлөрдөн импорт болуп келет экен, биз бул көрсөткүчтү 50 пайызга түшүрүүгө аракет кылып жатабыз", - деди Марипов.

Мындан сырткары Марипов тургундарды ата мекендик өндүрүштөгү азыктарды көбүрөөк колдонууга чакырды.

"Өзүбүздөн өндүрүлгөн товарларды көбүрөөк колдонууга чакырам. Мисалы той-аштарда сөзсүз түрдө банан колдонобуз. Банан бизде таптакыр өспөйт. Ошондуктан алма, сабиз сыяктуу жашылча-жемиштерди колдонууга үндөп келем", - деди Марипов.

Улукбек Марипов айыл-чарба жарманкесин кыдырды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (26)
Rusbayastan
2021-03-06 18:33:33
Эне шарик экен
+7
TIMON_BERKOWITZ
2021-03-06 18:49:06
Эми сабиз кымбаттайт)) Анан пловту сабизи жок банан менен жасайбыз!
+12
Mirnar
2021-03-06 19:17:15
Ош Жалал абадка банан остурууну колго алышсын аны муну суйлобой.
+8
Belek1710
2021-03-06 19:37:48
Банан менен эле той бүтүп калса кана, күнүмдүк керектелүүчү нерселер кымбаттап жатпайбы. Той эмес эл эмне жешти билбей атат!
+7
al-abu-kinesz
2021-03-06 20:58:35
Молодец! Банандын маселесин чечип келиптир. Эмкисинде мандариндин ордуна картошка, колбасанын ордуна ичеги, ж.б чечип берсе болду, президент кылып шайлап алабыз.
+8
algakaray
2021-03-06 21:34:35
Андан коро той ашты токтоткула же такыр кыскарткыла ысырап боло бербей деп айтыш кк эле.
+11
Akyl78.1501
2021-03-06 21:49:57
Өзү күндө сабиз жейберсинчи эмне болот экен
+11
nursinazar
2021-03-07 00:19:45
Таза куудул го
+10
SHMIT
2021-03-07 01:17:38
Тушунбодунор Сабиз коп эгет окшойт коп гектар жерлерге
-6
akmanai
2021-03-07 01:22:49
Куло берип, тигилген ичим ооруп калды, комментарий окуйм деп. Банандын проблеммасынан сабизге жамынып, качпай, банандын озунун проблеммасын чечпейби премьер мырза. Сабиздин сабиздей, банандын банандай орду бар!
+14
Nursul
2021-03-07 08:10:30
Канчалаган мекендештерибиз дунгандарга кул болуп жүрүшөт сабизин чабышат отошот суугарат ошол сабизди мамлекет айдаса болобу.
0
bessmertiy
2021-03-07 11:32:46
Nursul, ошол сабизди ошол кул болгондор айдаса болбойбу
+3
Nursul
2021-03-07 12:29:51
bessmertiy, ошону айтып жатам мендагы. Мамлекет ошону кылса иштешмек да кайсы жерде болсо эле дунган дагы башкаларга иштеп жүрүшөт мамлекет айдап элди иш менен камсыз кылып анан ошол нерсени арзан чыгарса болобу деген ойдо айттым.
0
Munir81
2021-03-07 08:44:53
Эн туура айтат
0
Kombi
2021-03-07 10:12:22
Кыргызтандан чыккан нерселерди алгыла Туштукто Бытовая техника озбектер озбекстандын товарын сатат. Смета жб. Тажикстандыкы озубуздун Кыргызстанда жасалганды алайлы. Блогерлер патриот болгулачы мелочьтонбой
+3
Urmat78
2021-03-07 12:04:40
Алма сабиз деп башка мааниде айтса керек.Банан башка мамлекеттен келет алма озубуздуку.Озубуздукун алсак акча озубуздо калат башка жакка кетпей
+1
bekbol2006
2021-03-07 21:06:01
Премьер туура эле айтты
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан