Бүгүн, 7-мартта АКШнын Лас-Вегас шаарында "UFC 259" турнири өтүүдө.
Бул турнирде жеңил салмакта беттешке чыккан орусиялык мушкер Ислам Махачев америкалык атаандашы Дрю Доберге эч кандай мүмкүнчүлүк бербей, беттештин үчүнчү бөлүгүндө муунтуу ыкмасы менен утуп алды. Муну менен Махачев катары менен жетинчи ирет жеңишке ээ болду. Ал акыркы беттешин 2020-жылдын сентябрь айында өткөргөн.
Ислам Махачевди сегиз бурчтукка атактуу жеңилбес мушкер Хабиб Нурмагомедов, машыктыруучусу Хавьер Эрнандес жана менеджери Ризван Магомедов коштоп чыкты.