Бишкекте кездеме саткан дүкөндөн чыккан өрт толук өчүрүлдү

Бишкекте кездеме саткан дүкөндөн чыккан өрт толук өчүрүлдү. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 6-март күнү саат 20:33тө Кожевенная көчөсүндө жайгашкан "Алтын-Тоо" базарынын аймагында катталган. Юнус-Мехмед кездеме саткан дүкөндөн чыккан өрттүн жалпы аянты 450 чарчы метрди түзүп, имараттын 200 чарчы метр аянты жана кездемелер күйгөн.

Өрттү өчүрүүгө 4 өрт өчүрүүчү бөлүм, штаб, Бишкек шаардык куткаруу кызматынан 5 куткаруучу тартылган.

ИИМден 2 экипаж жана "Тез жардам" кызматынан 1 бригада тартылган.

Өрт түнкү саат 00:01де чектөөгө алынып, толугу менен күндүзгү саат 13:23 тө өчүрүлгөн.

Өрттүн келип чыгуу себептери такталууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Chungyz
2021-03-07 15:37:03
Чыгым болуптур сабыр кыл
+1
Gulina90
2021-03-07 15:53:18
Ии сабыр берсин,өрттөй кайра байыйт.
+1
amirrus
2021-03-07 16:20:57
Озу очту,эч нерсеси калбай куйуптур, Кудай сактасын
+3
Taalaibek.
2021-03-08 21:57:35
Аяабай кеч очуруптур го.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан