"Өнүгүү жолуна түшөбү?". "Барселона" футболдук клубуна жаңы президент дайындалды

Испаниянын атактуу "Барселона" футболдук клубуна Жоан Лапорта президент болуп дайындалды. Бул тууралуу аталган клубдун расмий сайтына жарыяланды.

Маалыматка ылайык, клубдун президенттигине Лапортадан тышкары Виктор Фонт жана Тони Фрейша ат салышып, Лапорта 54,28 пайыз добуш менен президент болуп шайланды.

Жоан Лапорта "Барселона" футболдук клубунда 2003-2008-жылдар аралыгында президент болгон.

2020-жылдын күз айында клубдун мурдагы президенти Хосеп Бартомеу начар натыйжаларга жана команда капитаны Лионель Мессинин клубдан кетирүүнү каалап жаткандыгына байланыштуу сынга кабылып, кызматынан бошотулган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан