Бишкекте үрөй учурган жол кырсыгы катталып, бир жүргүнчү каза болду. Бул тууралуу патрулдук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы кечээ, 7-март күнү болгон. Анда Хонда Фит унаасы жол кырсыгына кабылган.
Кырсык Аалы Токомбаев көчөсүндө болгон. Анда айдоочу унааны башкара албай мамыны сүзүп токтогон. Кырсыктын кесепетинен унаанын ичиндеги бир жүргүнчү каза болгон. Учурда унаа айып короого токтотулуп, териштирүү иштери башталды.