Каргашалуу күн, табышмактуу өлүмдүн изинен Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Кара-Суу айыл аймагына SUPER.KG порталы барып, окуянын чоо-жайын баяндаган атайын репортаж жасады.
Буга чейин аталган айылда массалык уулануу болуп, андан бир нече адам каза тапканы белгилүү болгон. Каргашалуу окуя эмнеден улам болду, андан канча киши ууланды жана буга ким күнөөлүү экенин териштирүүгө аракет кылдык.
Окуя боюнча Аксы ИИБинин басма сөз кызматынын инспектору Шеркул Турганбаев окуя боюнча төмөнкүлөргө токтолду.
"2021-жылдын 4-март күнү Аксы районунун ички иштер бөлүмүнүн нөөмөт бөлүмчөсүнө райондук оорукананын дарыгери кайрылып, Аксы районунун үч тургуну болжолдуу диагнозу уулануу менен келип, жандандыруу бөлүмүнө кайрылышкандыгын билдирген. Аталган окуя боюнча Аксы районунун ички иштер бөлүмүнүн жетекчилиги жана тергөө ыкчам тобу окуя болгон аймакка барып, тактоо иштерин жүргүзүшкөн. Алдын ала алынган ыкчам маалыматтардын негизинде 2021-жылдын 2-март күнү Аксы районунун 1956-жылы туулган тургуну өзүнүн жакын санаалаштарына "23-февраль жана 8-март майрамдарынын урматына" деп эки датанын ортолугуна майрамдык кече уюштурган. Майрамдык кечеге Аксы районунун 19 тургуну катышкан.
Алардын ичинен алтоосу эртеси күнү, тактап айтканда, 2021-жылдын 3-март күнү болжол менен түнкү саат 23:00 чамаларында үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна кайрылышкан. Алардын абалы оор болгондуктан Аксы аймактык ооруканасына жөнөтүлгөн. Жолдо бара жатып үчөө, ооруканага жеткенде үчөө каза болушкан. Алардын эң улуусу 1952-жылы туулган, ал эми эң кичүүсү 1970-жылы туулган Аксы районунун тургундары болушкан. Алардын үчөө аял киши, үчөө эркек киши болгон. Бул факты Аксы районунун ИИБинин кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине, Кыргыз Республикасынын жазык кодексинин 280-беренеси, санитардык эпидемиологиялык эрежелерди бузуу менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган. Азыркы учурда аталган сотко чейинки өндүрүш иштин алкагында тергөө иштери жүрүп жатат. Болжолдуу ал жерде отурушта отурган жарандар тамак, ошондой эле спирт ичимдиктерин ичишкен. Азыркы учурда эмнеден уулангандыгы тууралуу экспертизанын жыйынтыгы чыга элек. Отурушту уюштурган аял 1956-жылы туулган Аксы районун тургуну. Ал азыркы учурда райондук ооруканада дарыланууда, абалы канааттандырарлык".
Кара-Суу айыл аймагына жеткенде каза болгондордун бири маркум Осмонаалы Чалыбаевдин үйүнө токтодук. Боз үйдөн кошок, сыртта куран окулуп жаткан. "Журналисттер келди" деп камераны курчаган эл толду. Алардын арасынан "Эч нерсени жашырбай, окуянын ачыгын көрсөтүп бергиле, кыркпагыла" деген маркумдун уулунун сөзү мындай уланды.
"Кечени өткөргөн Бурулкан Эргешова бүгүн бизге бир да басып келген жок, ушунча адам каза болгонун билбей калды дейсиңерби? Ал кечеге арактын ордуна спиртке суу кошуп берген экен. Аны ичкен атам бизди таштап кете берди. Бул нерсени массалык маалымат каражаттары жана бийлик жашырып жатат. Анткени дал ошол Бурулкандын бир тууган агасы айылдагы ооруканада башкы дарыгер, анын макулдугу жок бир да адам ооруканага дарылануу үчүн жата албайт. Байкелери, инилери депутаттар, чоң кызматтарда отурушат, алар бул окуяны бурмалап жатышат. Ошол кечеге барган коноктордун бири "Биз төртөө эле болгонбуз" деп маалымат берип жатыптыр. Кандай төртөө, менде видео бар, атамдын телефонунда баары сакталуу, ал жерде 20дан ашык конок болгон", - деди маркумдун уулу Залкар Осмонаалы уулу.
"Жолдошум буга чейин деле ичет болчу, бирок көп эмес, кеч жатса эртеси эч нерсе болбогондой эле туруп басып кетчү. Бул сапар такыр андай болгон жок, ошол кечеден келгенден кийин эле өзүн жаман сезип "ашказан, ичим күйүп жатат" деп көп кыйналды. Кусуп эле жатты, чоң-чоң капкара бир нерселер чыкты, боору окшойт деп калдым, ичин, баарын өрттөп салган туура эмес спирт берген Бурулкандан өчүмдү алам. Артында уул, кыздары жетим калды. Жогору жактан жашырбай баарын ачыктап, өз жазасын тартсын", - деди маркумдун жубайы Замира Кожобекова көз жашы токтобой.
Дарыгердин айтымында, баары бир үйдө жаткандай биринин артынан бири 10-15 мүнөт аралык менен ооруканага кайрылышкан. Алардын арыздануусу да окшош болгон.
"Кечеге баргандардын көпчүлүгү спиртке суу кошулган аралашманы ичкенбиз" деп айтып жатышты, алар өзүн жаман сезип, демейде 6 саат аралыгында таркап кетчү спирт таркабай эле тескерисинче кусуп, алды кетирип, оорлошуп жатканын билдиришти. Азыркы тапта кечеге катышкандардын баары каза болгондорду уккандан кийин коркконунан балдары бизге кайрылып, ден соолугун текшертип жатат. Азыр уулануу эмнеден болгонун айтуу кыйын", - дейт үй-бүлөлүк дарыгер Раима Дүйшөбаева.
Негизинен бул айылда 2017-жылдан бери арак-шарап сатууга тыюу салынган. Бирок ошого карабастан айыл тургундарынын айтымы боюнча, дарыканаларда, дүкөндөрдө спиртке суу кошулуп жашыруун сатылып келген. Ошондуктан 2-мартта Бурулкан Эргешова өткөргөн кечеде жасалган ичимдик "жаңылык деле болгон эмес" дешет. Азыркы тапта дал ошол кече өткөрүлгөн ашкана Укук коргоо органдары тарабынан текшерилип, жабык турат. Кафе ээси буларга токтолду.
"Бизден отурган ашкана гана алынбаса, тамак-аштын баарын өзү алып келген. Салатынан, жадакалса ошол спиртке кошулган суусуна чейин. Аны "атайын кайнатып үйдөн даярдап келдим" деп бөтөлкөдө көтөрүп келишкен. Аны биз деле көргөнбүз, спиртке суу кошуп жатышканын. Тамак-ашта баары таза жана жаңы сатып алынган экен".
2-март күнү өткөн кечеде каза болгондордун эле жанында отурган алар жеген тамак-ашты жеп, ичкен спиртти ичкен жарандардан да кабар алдык. Алар азыркы тапта Кербен шаарынын ооруканасында дарыланып жатышат.
"Тынч эле отурганбыз үйдө, кичине жүрөк айланып кусканбыз, бирок балдарыбыз айран ичирип, марганцовка менен тазалап жатып бизди соолуктурушту, каза болуп жатышат дегенде анан кан басымым көтөрүлдү. Ооруканага келип, дарыгерлердин көзөмөлүндөбүз азыркы тапта абалыбыз канааттандырарлык", - деди Кара-Суу айыл аймагынын тургуну.
"8-март жана 23-февралды бириктирип майрамдаганга буга чейин мени сыйлап дасторкон үстүндө сыйлашып жүргөн тууган тааныштарды чакыргам. Алар башка тааныштарын ээрчите келип мен тааныбаган, чакырылбаган коноктор деле көбөйүп кеткен. Ошол күнү сиңдим каза болду деген кабарды укканда, көп болсо эки эле жолу стол үстүндө отурбасам, сыртта жүрдүм. Ооба, спирт аралашкан суу ичилип жаткан, буга чейин деле айыл эли ошентип ичип жүрчү экен. Мен дарыканада аны сатам, бирок аларды малга деп сатам.
Сатып алгандан кийин билбейсиң да кайда, эмнеге иштетет. Көзү өткөндөрдүн көбү менин эле туугандарым, азыр жүрөгүм ооруп ушул жерде жатпаганда ар бирине барып ыйлап келмекмин. Мен деле билбейм, түшүнбөй жатам эмнеден эл ушунча ууланганын. Мен аларды чакырып ооздорун ачып спиртти куйган жерим жок, ким эле бирөөгө ушунча жамандык тилесин. Мен аларды өлүп эмес, ооруп калсын деп да тилеген эмесмин. Ушундай болорун билсем ошол күнү бирин да конокко чакырмак эмесмин. Четинен каза болгондорду укканда жүрөгүм ооруп калды, жакын туугандарым мени ооруканага алып келип жаткырышты" - деди Бурулкан Эргешова.
Окурман, окуянын чоо-жайын толугу менен видеорепортаждан көрүңүз.