“Элет жергесиндеги аялдар өздөрү өндүргөн товарларын мобилдик тиркеме аркылуу сата алышат”. Өлкөдө "ИШКЕР АЯЛДЫ КОЛДО" акциясы башталды

8-Март - Аялдардын Эл аралык күнүнө карата Кыргыз өлкөсүндө "ИШКЕР АЯЛДЫ КОЛДО" акциясы башталды. Эки айга созулган акциянын максаты айыл жергесиндеги аялдар арасындагы ишкерчиликке коомчулуктун көңүлүн буруу жана алардын өндүрүмдөрүн, кызматын сатып алуу менен аялдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү.

Уюштуруучулардын айтымында, эки айдын ичинде айыл жеринде аялдар арасындагы ишкерликти өнүктүрүүнү колдоого чакырган бир катар иш-чаралар пландалууда.

“Социалдык тармактарда "ИШКЕР АЯЛДЫ КОЛДО" аталышында флешмоб өткөрүлөт. Анда айыл жериндеги ишкер аял өзүнүн баяны жана товар өндүрүмүнүн видеосу менен бөлүшүп, эстафетаны башка ишкер аялдарга жөнөтөт. Мындан сырткары айыл жеринде өндүрүлгөн ишкер аялдардын товарларын сатуу аянтчалары Бишкек жана Ош шаарларында уюштурулуп, ал жактан бир аптанын ичинде алардын кызматын жана товарларын сатып алуу мүмкүнчүлүгү түзүлөт”, - деди «Айым баштайт» уюмдун жетекчиси Асел Кубанычбекова.

Ал ишкер аялдардын товарларын сатуу үчүн атайын тиркеме иштелип чыгарын кошумчалап, андагы сатып алууларды онлайн түрүндө жүргүзүү мүмкүнчүлүгү камсыздаларын белгиледи.

Иш-чарага айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков, экономика жана финансы министринин орун басары Бекболот Алиев, БУУнун Кыргыз миссиясынын жетекчиси Озонниа Ожиелло жана бир катар мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Экономика жана финансы министринин орун басары Бекболот Алиев ишкер айымдардын өлкө экономикасына кошкон салымы зор экенин белгиледи.

"Айымдардын коомдогу ролу абдан чоң. Сиздердин ары катаал, ары түйшүктүү эмгегиңиздер үчүн ыраазычылык билдирип кетким келет. Бугүнкү күндө экономикада да, саясатта да, коомдук-социалдык тармактарда да айымдардын өз орду бар. Айрыкча элет жергесинде айымдар арасындагы жумушсуздук орчундуу маселе. Ошондуктан бул акция айымдардын ишкерлик менен алектенип, өз продукцияларын таратуусуна чоң салым кошот деп ишенем. Айымдарыбыз энелик милдетти дагы, ишкерликти дагы бирдей алып кетип жатасыздар. Ошондуктан буга мамлекет дагы четте карап турган жок. Акыркы жылдарда буга байланыштуу бир топ долбоорлор ишке ашырылып жатат. Бүгүнкү күндө улуттук деңгээлде ишкер айымдарды колдоо программасын ишке киргизүү күтүлүп жатат. Дал ушул программаны бекитип, ишке ашырып алсак алдыдагы 5 жылдыкта ишкер аялдарга абдан көп жеңилдиктер болот. Жалпы аялзатын келе жаткан майрамы менен куттуктайм. Акцияны уюштуруучуларына терең ыраазычылык билдирем", - деди Алиев.

Ал эми БУУнун Кыргызстандагы Туруктуу координатору Озонниа Ожиело аялдардын пандемия учурундагы салымы үчүн ыраазычылык билдирди.

“Ар бир өлкөдө, ар бир коомдо айымдарды ар тараптуу колдоо абдан маанилүү. Аялдардын ролун алып салсак, өлкөнүн өнүгүүсү 60-70 пайызга басаңдай түшүп, кайрадан мурдагы абалга келүү абдан кыйын болот. Бүгүнкү иш-чарага мамлекеттик кызматкерлердин келип турганы өлкөдө аялдарды колдоо канчалык деңгээлде маанилүү экендигинен кабар берет. Өзүңүздөр билгендей, пандемиянын кесепеттери азырынча токтой элек. Ошондуктан биз бул жерге айымдарды 8-март майрамы менен куттукташ үчүн гана келген жокпуз. Ковид учурунда медицина кызматкерлери катары, мугалим катары айымдар алдыда туруп, илдет менен күрөшүүдө чоң салым кошту. Аялдардын бул эмгеги үчүн ырахмат айтуу үчүн да келип отурабыз”, - деди БУУнун Кыргыз миссиясынын төрагасы.

Акциянын алкагында журналисттер үчүн ишкер айымдардын бизнестеги көйгөйлөрүнө коомчулуктун көңүлүн бурууга багытталган мыкты медиа-продукт үчүн конкурс өткөрүлөт.

Улуттук статистика комитетинин 2018-жылдан берки маалыматына ылайык, 26 пайыздын тегерегинде аялдар жакырчылыкта. Алардын 64 пайызы айыл жеринде жашайт, болгону 32,7 пайыз аялдар иш менен алек.

«ИШКЕР АЯЛДЫ КОЛДО» акциясы «Айым Баштайт» коомдук уюм тарабынан ишке ашырылып жатат.

Бул акция "БУУ-Аялдар" түзүмү "Расширение экономических прав и возможностей сельских женщин" JR RWEE) программасынын негизинде ишке ашырылып жатат. ВПП, ООН, ФАО жана ИФАД Норвегия жана Швециянын өкмөтү менен каржыланат.

Акцияны "БУУ-Аялдар" түзүмү ишке ашырып жаткан Япония өкмөтү каржылаган "Реагирование на насущные потребности женщин и девочек в период пандемии COVID-19" долбоору дагы колдойт.

Медиа байланыш:

Наргиз Кошойбекова, “БУУ-Аялдар” түзүмүнүн коммунникация боюнча адиси +996 550981221

Айсулуу Мурзакулова, медиа-консультант ОО “ФРПСЖ” +996 551696905

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан