Биз социалдык тармакта

Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү беш күндө 195 миллион метр кубга азайды

Бүгүн, 8-мартка карата өлкөдөгү эң ири Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 9 миллиард 305 миллион метр кубду түздү. Бул тууралуу "Электр станциялар" ачык акционердик коомунун басма сөз кызматынан билдиришти.

"Бүгүн, 8-мартка карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 9 миллиард 305 миллион метр кубду түздү. Суунун орточо күндүк агып кириши секундасына 147 метр куб, агып чыгышы 574 метр кубду түзүүдө", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

Мындан беш күн мурун, тагыраагы, 3-мартта суу сактагычта 9 миллиард 500 миллион метр куб суу бар болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
nazarnew
2021-03-08 11:38:28
Бекинип алып сатып жаткандар, бүт тозок отуна күйүшсүн акмактар, кудай карап турат ким уурдап атканын.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан