Мурдагы вице-премьер-министр Максат Мамытканов учурда эмне менен алек болуп жатканын SUPER.KG порталынын #ГалстукТар долбоорунун алкагында айтып берди.
"Жергиликтүү шайлоого катышып жаткан партиялаштардын иш-аракеттерине жардам берип жатабыз. Андан тышкары парламенттик шайлоого даярданып дегендей. Ошондой эле жеке турмушубуз бар. Канча жылдан бери ден соолукту карабаптырмын. Акыркы бир айдан бери тиш доктурдан чыга элекмин. 20 жылдан бери тишти карабай жүрүптүрмүн", - деди Мамытканов.