ЭЛДИК ВИДЕО: "Жашап жаткан турак үйүбүздү өрт жалмап, балдарыбыз менен көчөдө калдык" дейт окурман

SUPER.KG порталынын "Элдик кабар" бөлүмүнө Бактыбек Макашев жана Салкынай Мамедова аттуу окурмандар кайрылды. Айтымдарында, алар жашап жаткан үй түп тамырынан бери өрттөнүп кеткен.

"27-февралда болжол менен саат 16:00 чамасында белгисиз себептер менен үйүбүз өрттөнүп кетти. Анда үй эмеректерибиз, кийим-кечектерибиз, күнүмдүк керектелүүчү каражаттар толугу менен күлгө айланды. Аларды сактап калууга мүмкүн болгон жок, тилсиз жоо айттырбай келет экен, өрт баарын жалмап кетти.

Үйдү кайра тургузганга биздин чамабыз жетпейт, ал үчүн сиздерден жардам сурайбыз жана муктажбыз. Үй-бүлө, бала-чака менен эшикте калдык. Жардам берүүнү каалагандар ушул номерге байланышыңыздар 0704 65 87 83, түшүнүү менен кабыл алат деп үмүт кылам", - дейт окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан