Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов 8-Март - Аялдардын эл аралык күнү менен куттуктады

Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов 8-Март - Аялдардын эл аралык күнү менен куттуктады. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Жогорку Кеңештин жана жеке өзүмдү атымдан жагымдуу жаз майрамы - 8-Март - Аялдардын эл аралык күнү менен чын дилимден куттуктайм.

Бул күн аялзаты менен байланышкан бардык жакшы касиеттерди, аруу тилектерди камтыйт. Анткени алар ар дайым аалам ажары, очок ээси, үй-бүлө куту болуп келет. Ошондой эле аялзат бизди бардык учурда колдоп, кыйын учурда жөлөп турган мээрман энебиз, асылкеч жарыбыз, жароокер кызыбыз болуп эсептелет. Андыктан сиздерге кажыбас кайратыңыздар, үй-бүлө коломтосун өчүрбөй, бизге кылган камкордугуңуздар үчүн ыраазычылык билдиребиз.

Дагы бир жолу майрамыңыздар менен куттуктап, сиздерге түгөнбөс бакыт, бекем ден соолук, ишиңиздерге ийгилик, үй-бүлөңүздөргө ынтымак жана береке тилейм! Ушул күн сиздерге жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн эшигин ачып, жазгы жаркын маанай тартууласын!" - деп жазылат куттуктоодо.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан