Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Мирбек Атабеков күйөрмандарына дагы бир хит боло турган ырын тартуулады. Ыр "Сүрдөтпөчү" деп аталып, клипке ырчынын жубайы Мээрим Төлепберген башкы каарман катары тартылды. Жубайын биринчи жолу клипке тартуу, чыгарма тууралуу ырчы буларга токтолду.
"Бул ыр былтыр пандемия учурунда үй-бүлөм АКШда калган кезде жазылган. Үй-бүлөм билеттердин жоктугунан, аба каттамдардын токтотулганынан улам АКШда жарым жылдай калып, көрүшпөй калганбыз. Ошол учурда жаралган ыр. Сагыныч, кусалык темасын ар кайсы ырлардан уксак болот, дайыма актуалдуу болуп келет.
Ырларды жашоо, турмуштан алам. Бирок аны дароо аткарып чыкпайм, көңүлүмө жаккандай болбосо өзгөртө берем. Бул ырымдын убакыт-сааты жаз мезгилине туш келди. Сагынуу сезимдерин өз башынан өткөргөн адамдарга тартуулайм", - деди ал.
Чыгарманын сөзүн Акбар Кубанычбеков жазган, ал эми обону Мирбек Атабековго таандык. Аранжировкасын Иса Каган жасаган. Ыр жубайына арналгандыктан, клипке Мээрим Төлепберген тартылган.
"Ыр жубайыма арналат. Ал эми уулума, кыздарыма арналган ырлар жакынкы арада жарыкка чыгат. Буга чейин мекен, апа тууралуу ырдап келгем, кезек жубайыма келди. Эми балдарыма арналат, мезгилдин талабына жараша ырлардын темасы өзгөрө берет", - дейт ырчы.
Мирбек Атабековдун "Сүрдөтпөчү" клибин көрүү үчүн шилтеме.