Аксыдагы уулануу. "Ал ичимдикти мен деле ичкем, бирок эч нерсе болгон эмесмин" дейт Бурулкан Эргешова (видео)

Аксыдагы спиртке ууланган деген чуулуу окуяда эң көп аты аталган дарыкана ээси Бурулкан Эргешова SUPER.KG порталына окуя боюнча комментарий берди.

Ал окуя кокустук экенин айтып, мындай болуп кетери үч уктаса түшүнө кирбегенин билдирди. Айтымында, көпчүлүк ичкен ичимдикти ал өзү деле ичкен, бирок эч нерсе болгон эмес, трагедиялуу окуяны угуп, ошондон улам Эргешова ооруканага жатып калган.

"Ал жерге мейман болуп келгендер бүт эле менин туугандарым болчу. Аларды чакырганым 23-февраль менен 8-мартты ортолотуп куттуктап коёюн деген эле ой болгон. Алар мени меймандашкан. Мен элдин ишин аябай көп кылган аялмын, элге жардам берип эле жүрөм. Андай болуп калат деп эч ойлогон эмесмин. Ким бирөөгө жамандык ойлойт? Ал эле эмес, өлүп калсын эмес, ооруп калсын деп тилебейсиң. Туугандарды баарынын атынан атап чакырган эч ким жок. Алар бири-бирин ээрчитип өздөрү эле келишкен. Менин аталаш жеңелерим, инилерим өлүп жатат. Мен ал жерде ыйлап турушум керек болчу. Ошол учурда менин аталаш бир тууганым каза болуп, жаман маанайда отурдум. Ошол маалда маанай жок, келген коноктор эмне ичип, эмне жегенин жакшы байкаган жокмун. Аны укканда жүрөгүм ооруду. Буга чейин менин жүрөк оорум деле жок болчу.

Андан кийин жүрөгүм кармап, демигип, баса албай калганда бир тууган эжем ооруканага алып келди. Милицияларга дарыкананы ачып баарын көрсөттүм. Мен чын сүйлөгөн адаммын, кафеге келип да эмне алып келип, эмне койгонумдун баарын көрсөттүм. Мындай окуя болот деп ойлогон эмесмин, ушунча жылдан бери көбүн эле сыйлап, эл арасында жүрөм. Бирок мындай учур болгон эмес, мени баары эле жакшы көрүп сыйлашчу. Негизи ал жерде депутаттык шайлоо тууралуу эч нерсе жок. Аларды үгүттөгөн эмесмин, баарынан сурасаңар болот, ал жакка документим да тапшырыла элек.

Мен негизи мурунтан эле депутатмын, айыл ичине депутат кылып бербеген ишти кылып бергем. Мен оорубасам, алардын өзүнө да барып айтмакмын, алардын мурдун чымчып оозуна куйган жокмун, эшикте эле жүрдүм. Мен элден качпайм жана элди сыйлайм. Мисалы, ал ичимдикти мен деле ичкем, бирок эч нерсе болгон эмесмин. Эмнеге булар минтти билбейм, болгону ушул окуяны угуп, ооруп калдым", - деди ал.

Аксыдагы табышмактуу ажал: тараптар жаралган суроолорго жооп беришти
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
bond02
2021-03-08 14:21:38
Аял башын менен калп айтып актангандан уялбайсынбы.
+3
al-abu-kinesz
2021-03-08 14:58:04
Актанып атат, ал эми спирттин срогу боюнча бир соз жок го.
+3
Belek1710
2021-03-08 15:01:51
Ошол спиртти алып экспертизага жөнөтпөйбү ак болсо, спирттин С тамгасы дал калбаса керек жок кылып.
+3
Tyty1990
2021-03-08 15:08:04
Арак адамды тозокко алып барат
+6
Mirlan27011987
2021-03-08 15:49:47
Tyty1990,
Арак ичкен адамдар киши эмес бекен. Аракты эч ким кыйнап олзуна куйбайт. Анда тамеки санткандарды да кугунтутагыла. Тамеки д а коркунучтуу наркотик
-7
Mister-XXX
2021-03-10 02:16:28
Mirlan27011987,Төө десе бээ дейсин го...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан