Бишкекте бүгүн, 8-мартта Аялдардын тилектештик маршы өтүүдө. Анда аялдардын укуктары, гендердик теңдик жөнүндө маалыматтар айтылып жатат.
Марш Ак Үйдүн алдында башталып, учурда Уркуя Салиеванын эстелигинин алдында келип токтошту. Анда аялдарга зомбулук болбошу керектигин, аялзаты бактылуу болушу керектиги, Уркуя Салиевадай өз укугуңду коргошуң керек деген өңдүү чакырыктар айтылып жатат.
Болжолдуу түрдө тынчтык митингине 150гө чукул адам катышууда.