Бишкекте бүгүн, 8-мартта Аялдардын тилектештик маршы өтүүдө. Анда аялдардын укуктары, гендердик теңдик жөнүндө маалыматтар айтылып жатат.
Уркуя Салиеванын эстелигинин алдында өтүп жаткан жүрүштө катышуучу кыздын бири чачын өрүп, андан соң аны атайын аппарат менен алып койду. Уюштуруучулардын айтымында, бул айымдар кандай кааласа, ошондой жашоого укуктуу экендигин далилдөө максатын көздөйт.
"Себеби өлкөдө ар кандай зордук-зомбулук теңсиздиктен улам келип чыгат. Биз теңсиздикке каршыбыз. Анын жоюлушун каалайбыз", - деди уюштуруучулардын бири Айдай.
Болжолдуу түрдө тынчтык жүрүшүндө 150гө чукул адам катышууда. Анда айымдардын укугун коргоо максатында жазылган ар кандай плакаттарды көтөрүп турушат.