Акыркы учурда интернет аркылуу акчаларын уурдатып, башын мыкчып отуруп калган жарандар көбөйүүдө. Ал эми эксперттер интернет аркылуу уурдалган акчаларды кайтаруу дээрлик мүмкүн эмес дешет. SUPER.KG порталынын "Элдик кабар" бөлүмүнө кайрылган жаран "биздей алданган жарандардын саны жүзгө жакын, өтмүшүбүз башкаларга да жетсин, алар алданбасын!", - дешти.
Алардын арасында Ош шаарынын тургуну Айчүрөк айым да бар. Анын баласы Инстаграмдан акчаңарды көбөйтүп беребиз деген жарыяны окуп апасына келип, "биз да аракет кылып көрөлү" деген сунушун айткан. Алар баласы экөө чоң суммадагы акчаны Владимир Свердлов аттуу белгисиз адамга терминал аркылуу которушкан. Акчаңарды көбөйтүп берем деген белгисиз адам акча салынгандан кийин изин суутуп, жок болуп кеткен.
“Ооруп жүргөм. Балам келип "апа, элдер акча алып жатыптыр, биз деле бир аракет кылып көрөлү" дегенинен кыйылып жатып араң макул болдум. Алгач колумда болгон 3 миң 500 сомду салдык. Андан кийин дагы бир канча жолу акча салдык. Ошондо "силердин акча 70 миң болду, менин кызматыма акча салсаңар силердин акчаңарды котором" деди.
Бизде эч нерсе калган эмес. Анан бирөөдөн карыз алдым. Картамдын маалыматтарын жөнөтүп жибергем. Терминалдын жанында туруп бир канчага чейин күттүк. Акчаны салган жок. Бир карасак бизди Телеграмдан кулпулап салды. Ошол бойдон таппай калдык. "Мен алдабайм, мен эркекмин" десе ишениптирбиз”, - деди окурман.
Айчүрөк айым милицияга да кайрылган эмес. Анткени ал аны алдап кеткени тууралуу толук маалыматка ээ эмес болгон.
Бишкек шаарынын жашоочусу Айпери да жолдошу экөө интернет шылуундарына алданып, акчасын алдырып жиберишкен. Балдары менен үйдө отурган Айпери акчасын көбөйтүп, кем-карчын толуктагысы келген. “Болбогон жерден акчабызды жоготтук. Биздин үнүбүз элге жетсин. Биз алдандык, жок дегенде башкалар алданбасын”, - дейт Айпери.
IT адиси Данияр Алимбаев чындыгында эле интернет аркылуу шылуундарга алданып, акча которуп, ошол бойдон акчасыз калгандар көп болуп жатканын айтты. Алдамчылар каттоодон өтпөгөн номерлерди, фейк Инстаграм аккаунттарды, өздүк маалыматтарды сактоо толук коопсуз болгондуктан Телеграмды колдонушат. Ошондуктан аларды издеп табуу дээрлик мүмкүн эместигин айтат.
"Бизге кайрылып жардам сурагандар аз эмес. Бирөө Инстаграм баракчасын сатып алайын деп лалафодон бир буюм сатып алам деп, лотереядан бир нерсе утуп алдың, жол киреси үчүн акча сал дегендерге акча которуп, ошол бойдон акчадан жок кур калгандар. "Мен жездең, күйөө балаңыз, бирөөнү унаа менен сүзүп кеттим, мага акча керек, эч кимге айтпа”, - деп чалгандар да бар. Көзүнө жаш алып, күйөө баласын сактап калыш үчүн жакынкы жердеги терминалдан жыйырма миң сом котороюн деп жаткан кайненени өз көзүм менен көрдүм".
IT адиси азыр эч нерсе акысыз эмес экенин эске алып, лотерея, гив сыяктуу оюндардан алыс болуу кажет дейт.
"Кимге болбосун, акча салганда өлкөбүздөгү официалдуу түрдө иштеп жаткан банктарга тиешелүү карталарга же банктык эсептерге гана акча которуу керек. Банктан, терминалдан алган чекти сөзсүз сактап коюу зарыл".
"Андан сырткары Инстаграм, Фейсбук аккаунттарын уурдаткандар да кайрылышат. Алар сыр сөздөрүн оңой кылып же аккаунтун өзүндөй кылып же телефон номерин жазып койгондор. Сыр сөздү бир аз татаалыраак кылып жазышса, көйгөй деле болбойт.
Сыр сөздөрдү картанын паролун, электрондук почтанын паролдорун эч кимге жибербөө керек. Эгер бир нерселер өзгөргөнү байкалса, дароо сыр сөздү өзгөртүп же банкка кайрылыш керек. А эгер алданган болсоңуз, дароо милиция бөлүмүнө кайрылыңыз. Андан башка чарабыз деле калбайт", - дейт адис.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.