8-Март - Аялдардын эл аралык күнү. SUPER.KG порталы борбордогу майрамдык маанайга көз чаптырды. Алгач эле шаардын борбордук көчөлөрүн аралап, жигиттердин гүл саткан дүкөндөрдөн, жол жээгинде гүл сатып отурган сатуучулардан гүл алып, жакындарын кубантып куттуктоо үчүн шашып бара жаткан учурларына көз чалдыкты.
Ошол эле учурда асылзат айымдар колдоруна гүл кармап, бактылуу бара жатканын да көп кезиктирдик.