Илим, билим тармагын сиздерсиз элестетүү мүмкүн эмес. Билим министри аялзатын куттуктады

Бүгүн, 8-мартта билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев аялзатын куттуктады. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, министр өлкөдө илим менен билимдин өнүгүүсүнө аялзатынын кошкон салымы чоң экенин белгиледи.

"Ардактуу апалар, кесиптеш эже-карындаштар, сиздерди бүгүнкү майрамыңыздар – Аялдардын эл аралык күнү менен чын дилден куттуктайм! “Ааламдын көркү – аялзат” демекчи, сиздер алмустактан бери адамзат жашоосунун ажарын ачып, учугун улап келесиздер. Андан тышкары сиздер ар кандай коомдук формацияда өзүңүздөрдүн ардактуу ордуңуздарды ээлеп, келечекке жол ачып келе жатасыздар.

Ырасында өлкөбүздүн билим, илим тармагын сиздерсиз элестетүүгө мүмкүн эмес. Жаш муундун жакшы таалим-тарбияга, терең билимге каныгып, сак-саламат өсүп жетилишинде сиздердин ордуңуздар өзгөчө.
Мындан ары да сиздердин колдооңуздар менен өлкөбүздүн илим, билим тармагын заман талабына ылайык реформалап, сапаттык секирик жасайбыз деген ишеничтемин", - деп жазылат билдирүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан