Биз социалдык тармакта

Кыргыз өлкөсүндө аялдар көп иштеген тармактар (статистика)

Кыргыз өлкөсүндө 2021-жылдын башына карата статистика боюнча калктын 3,3 миллиону аялдар. Алардын саны эркектерге салыштырмалуу көбүрөөк болуп 50,4 пайызды түзөт. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин расмий сайтына жарыяланды.

Ал эми 2019-жылы эмгекке жарамдуу курактагы аялдардын 48 пайызы иш менен камсыздалган.

"Экономика тармагында иштеген аялдардын орточо курагы 39 жаш. Өлкөдө экономика боюнча багыттагы ар бир алтынчы аял 25тен 29 жашка чейинки куракта. Саламаттыкты сактоо жана калкты социалдык жактан тейлөө, билим берүү, мейманкана жана ресторандар, соода сыяктуу багыттар негизинен "аялдардын чөйрөсү" болуп саналат. Жогорку билимге ээ аялдардын 27 пайызы, эркектердин 18 пайызы кесиби боюнча иштеп жатканы белгилүү болгон. Ал эми орто кесиптик билим алгандардын арасында бул көрсөткүч 17 жана 8 пайызды түзөт", - деп жазылат маалыматта.




РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Apyn8793
2021-03-09 01:29:37
Калганы бездельникпи э ошондо
0
Gulizaa
2021-03-09 16:05:45
Калганы чет олкодо
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан