Биз социалдык тармакта

Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү сутка ичинде 29 миллион метр кубга азайды

Бүгүн, 9-мартка карата өлкөдөгү эң ири Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 9 миллиард 276 миллион метр кубду түздү. Бул тууралуу "Электр станциялар" ачык акционердик коомунун басма сөз кызматынан билдиришти.

"Бүгүн, 9-мартка карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 9 миллиард 276 миллион метр кубду түздү. Суунун орточо күндүк агып кириши секундасына 154 метр куб, агып чыгышы 483 метр кубду түзүүдө", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

Кечээ, 8-мартта суу сактагычта 9 миллиард 305 миллион метр куб суу бар болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
stal.ks
2021-03-09 09:16:28
Туну 12ден кийин кочодогу жарыктарды очуруп койсо деле болмок, токтогулда суу кобойгуче
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан