
Ошто уурдалган унаа изи сууй электе табылды. Бул тууралуу Ош шаардык милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 5-марттан 6-мартка караган күнү саат 01:30 чамасында Ош шаарынын тургуну 1983-жылы туулган А.А. өзүнө таандык болгон Дэу Матиз үлгүсүндөгү унаасын Ош кичи районундагы аялдаманын алдына токтотуп койгон жеринен белгисиз адамдар унааны айдап качып кетишкен.
Аталган жаран унаасынын уурдалганы боюнча милицияга кайрылып, жол тескөөчүлөр изи сууй электе Ош шаарынан кармашкан.
Айдоочу 1996-жылы туулган жаран болгон. Ал мас абалында унааны уурдап качканы аныкталып, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилген.