Чүйдө баласы апасына бензин чачып өрттөп жиберди. Шектүү кармалып, тергөө жайына киргизилди

Чүйдүн Жайыл районунда апасынын өлүмүнө шектелип баласы кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 9-март күнү саат 06:30 чамасында Жайыл РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө Арал айылында аялдын жансыз денеси табылганы боюнча маалымат келип түшкөн. Жерине ыкчам-тергөө тобу барып, үйлөрдүн биринде 1940-жылы туулган З.Г. аттуу аялдын жансыз денеси табылган.

Териштирүү иштеринин натыйжасында шектүү катары аялдын 1977-жылы туулган баласы кармалган. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Тергөөнүн жүрүшүндө шектүү апасына бензин чачып өрттөп жибергенин моюнга алган. Алдын ала маалыматтарга караганда шектүү психикалык жактан жабыркап келет.

Учурда шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тийиштүү экспертиза дайындалды.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Aijaw97
2021-03-09 14:02:14
Аллахым озу сактасын мындай мыкаачы адамдардан!!! Кантип ушул оз апасын жанын кыйууга колу барды,ошол эне 9ай кыйналып которду,кандай туйшук менен чонойту мындай кабарлар журогубузду ойуп бутту
+1
Rachki
2021-03-09 15:37:09
Манкурттар кобойуп баратат, тооба кылдым...
+2
Assalomuallekum
2021-03-09 19:34:24
Балага Куран үйрөт , Куран баарын үйрөтүп койот деп айткан ошого илим билим алсын балдар,кечке фри файр ойноп аң сезими бузулуп жат
0
machobek17
2021-03-09 22:29:51
Assalomuallekum,Туура ар бир адас озун ондош керек
0
Sajakat14
2021-03-10 10:23:53
Assalomuallekum,психикалык оорусу бар адам экен.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан