Биз социалдык тармакта

8 бейтап ооруканадан чыгарылды. Аксыдагы уулангандардын бүгүнкү күнгө карата абалы

Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Кара-Суу айылында 6 адам ууланып каза болсо, дагы 11 адам ооруканада дарыланып жаткан. Бүгүн, 9-мартка карата Аксы районундагы аймактык ооруканада 3 бейтап дарылануусун улантууда. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинен билдиришти.

"Дарыланып жаткан 11 бейтаптын 8и үйлөрүнө чыгарылды. Калган 3 бейтап дарылануусун улантууда, абалдары канааттандырарлык", - дешти маалымат кызматынан.

Окуянын чоо-жайы:

Чуулгандуу окуя тууралуу 4-мартта белгилүү болгон. Анда SUPER.KG порталына жергиликтүү тургун 20 адам ууланганын, 7 адам каза болгонун билдирген. Жалал-Абад ОИИБи уулангандар чогулуп, 23-февраль менен 8-март майрамын өткөргөнүн айткан. Ал эми Саламаттыкты сактоо министрлиги уулангандар салат, беш бармак жеп, спиртти сууга аралаштырып ичишкенин, уулануудан 6 адам каза болгонун маалымдаган.

SUPER.KG порталы жакындарын жоготкон тарапты, кечени уюштурган делген аялды жана тиешелүү мекемелерди угуп, репортаж даярдады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан