
Ош шаарында тез тамактануучу жай толугу менен күйүп, өрт жанындагы имаратка өтүп кетти. ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиргендей, кырсык 8-мартта саат 19:45 чамасында орун алган.
Маалым болгондой, Курманжан датка көчөсүндөгү аянты 45 чарчы метр болгон “Айти” тез тамактануу жайы толугу менен күйүп, жанында жайгашкан “Магнит” тез тамактануу жайына өтүп кеткен. Натыйжада “Магнит” тез тамактануу жайынын 15 чарчы метр шыбы күйгөн.
Кырсыктын кесепетинен каза болгондор жана жабыркагандар жок. Учурда өрттүн себеби такталууда.