Чек ара кызматынын кызматкерлери Баткен облусунда контрабандалык жол менен жүк ташыган каналдарды токтотту. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.
Баткен облусунун Лейлек районунда нөөмөттө турган учурда чек арачылар контрабандалык жүктөрдү мыйзамсыз ташууга аракет кылган Тажикстан Республикасынын жараны башкарып бара жаткан Hyundai-Porter унаасын токтотушкан. Унаада 3 тонна аккумулятор мыйзамсыз ташылып келе жаткан.
Ошондой эле Баткен облусунун чек арачылары Мерседес-Бенц унаасын токтотушкан. Аны 1987-жылы туулган Кыргыз жараны башкарып бара жаткан. Алар 2 жарым тонна лимонду Тажикстандан Кыргыз өлкөсүнө ташып келе жатышкан.
Ошондой эле Баткен облусунун Кадамжай районунун Күңгөй аймагында чек арачылар тарабынан 8400 лампочканы мыйзамсыз ташып өтүүгө аракет кылган 1995-жылы туулган Кыргыз Республикасынын жараны И.Т.нын башкаруусундагы Хундай-Портер үлгүсүндөгү унаасы кармалган. Тиешелүү документтер түзүлгөндөн кийин кармалгандар жана жүктөр кошумча иликтөө үчүн компетенттүү органдардын кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.