Чүйдүн Москва районунда алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
2020-жылдын август айынын орто ченинде Москва РИИБине айыл тургуну арыз менен кайрылып, тааныш болуп жүргөн эркек киши анын ишенимине кирип, 2019-жылдын ноябрь айында анын унаасын карызга алып, 2020-жылдын июнь айына чейин бөлүп төлөөгө убада кылып, ошол бойдон акчасын бербей качып жүргөнүн айткан.
Бул окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган. Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иш-амалдарынын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип, 1990-жылы туулган С.Р. аттуу Садовое айылынын жашоочусу кармалган.
Териштирүү учурунда кармалган жаран унаанын ээсинин уруксаты жок, документтерди жасалмалап өзүнө өткөрүп алганы белгилүү болгон. Шектүү убактылуу кармоочу жайга камакка алынып, териштирүү иштери улантылууда.