Бүгүн, 9-марттан 10-мартка караган түнү Европадагы ири мелдештердин бири болгон Чемпиондор Лигасынын 1/8 финалынын алгачкы жооптук оюндары өтөт. Бүгүнкү оюнда 1/8 финалга чыккан 4 команда кез келет.
Оюндардын тизмеси: "Ювентус" (Италия) - "Порту" (Португалия);
"Альянц Стэдиум" стадиону (Турин шаары, Италия);
Башкы калыс: Бьорн Кейперс (Нидерланды).
Бул эки команданын алгачкы оюну 18-февралда өтүп, анда "Порту" командасы 2:1 эсебинде жеңүүчү аталган.
"Боруссия Дортмунд" (Германия) - "Севилья" (Испания);
"Сигнал Идуна Парк" стадиону (Дортмунд шаары, Германия)
Башкы калыс: Жюнейт Чакыр (Түркия).
Бул эки команданын дагы алгачкы оюну 18-февралда өтүп, анда "Боруссия Дортмунд" командасы 2:3 эсебинде жеңүүчү аталган.
Оюндар Бишкек убактысы боюнча саат 02:00дө башталат.