Оор атлетика боюнча уландар курама командасы Дүйнө чемпиондугуна даярданышууда. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктен билдиришти.
"Дүйнө чемпиондугуна жана эл аралык мелдештерге ийгиликтүү даярдануу максатында Кыргыз Республикасынын оор атлетика боюнча уландар курама командасынын мүчөлөрү Бишкек шаарында окуу-машыгуу жыйын өткөрүп жатышат", - деп жазылат билдирүүдө.
Окуу-машыгуу жыйын 5-мартта старт алып, 22-мартка чейин уланат.
Жыйынга төмөнкү спортчулар тартылган: