Нооруз майрамына карата респбуликанын тургундары 3 күн катары менен эс алышат. Маалыматты Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Белгилүү болгондой, 21-март Нооруз майрамы жекшемби күнгө туш келгендиктен дүйшөмбү 22-март эс алуу деп жарыяланат. Муну менен 20-21-22-март күндөрү эс алуу болот.
Ошондой эле окуучулар 22-марттан 1-апрелге чейин эс алышат.